• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Караколдо чуңкурдан окуучунун сөөгү табылган. Министрлик маалымат таратты

1 Жетинин айы 2023 9:03 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-жылдын 30-октябрында Каракол шаарындагы №3 гимназия мектебинин 7-классынын каза болгон окуучусу тууралуу маалымат таратты.

Министрликтин маалыматына ылайык, Каракол шаарындагы №3 гимназия мектебинин 7-классынын окуучусу А.А. 30-октябрь күнү сабакка толук катышып, саат 17.50дө сабактан чыгып кеткен жана үйүнө барган эмес. Ал мектепте жакшы окуган окуучулардын катарында болгон.

Класс жетекчисине окуучунун апасы саат 18:35те билдирген, ошол учурдан тартып класс жетекчиси, ата-энелер, окуучулар, мектеп администрациясы топторго бѳлүнү, издѳѳ иштерин баштаган. Ошол эле убакта милиция кызматкерлерине кабарлашып, алар дагы издөө ишине катышышкан. Ошол эле күнү саат 22:35те баланын жансыз денеси табылган.

31-октябрь күнү эртең менен баланын телефону табылган, анда анын видео кайрылуусу болгон.

Аталган факт Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тийиштүү иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 721