• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Караколдо эркек кишини жүк ташуучу унаа басып калып, каза болду

4 Жалган куран 2022 10:50 Бишкек Govori.TV

Караколдо эркек кишини жүк ташуучу унаа басып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Кирпич заводу кичирайонунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жанында 1990-жылы туулган У.У. аттуу эркек киши оор жүк ташуучу унааны оңдоп жатканда, аны унаа басып калган.

Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар жабыркаган адамды чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен, бирок жабыркаган жаран ооруканага жетпей тез жардам унаасында каза болгон.

Количество просмотров: 146