ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2025-жылдын 14-15-июнь күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
“Бул күндөрү тоолуу аймактарда, дарыя жээктеринде эс алуудан алыс болуңуздар.Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз, күнү-түнү кабыл алынат”, — деп айтылат билдирүүдө.