• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Караколдо “Хизбут-Тахрир” уюмунун мүчөлөрү кармалды

2 Тогуздун айы 2018 11:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек.02.10.2018.Govori.TV.
Ысык-Көлдүн Каракол шаарында тыюу салынган диний-экстремисттик “Хизбут-Тахрир” уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды. Алар 44 жана 25жаштагы жарандар. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.
Кармалгандар “Халифат” теократиялык мамлекетин түзүүгө үндөп, жарандарды өз катарларына кирүүгө үгүттөшкөн. Алардын жашаган жерлерин издөөдө электрондук жана басма түрүндө аталган уюмдун идеологиясын жайылтууга багытталган материалдар табылган.
Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 299-беренесинин негизинде иш козголду.
Количество просмотров: 2