• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Караколдо кафеден өрт чыкты (видео)

1 Теке 201914:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.07.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 1-июлда Каракол шаарында Алдашев жана Дербишев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Айдин» кафесинен өрт чыкты. Бул тууралуу күбөлөр «Govori.TV» агенттигинин вотсап номерине видео жиберишти.

Күбөлөрдүн айтымында, өрт кафенин ашканасынын чыккан.

«Бир бала газ баллонду алмаштырып жаткан. Анан газ чыгып кетип, берки жакта жасалып жаткан тамак-ашка жабылды. Иштеп жаткан 3 кыз жеңил күйүк алышыптыр. Колдорун сууга салып жаткан», — дешти күбөлөр

Ал эми ӨКМдин Каракол шаардык бөлүмү өрт тууралуу билдирүү саат 12:35те түшкөнүн билдиришти.

«Каракол шаарынын 2 өрт өчүрүү кызматы тартылды. Өрт коңшу имараттарга жабылып баштаганда Ак-Суу райондук бөлүмүнөн жардамга чакырдык. Бир бригада келди. Саат 13:45те тилсиз жоо курчоого алынды. Өрт кафеге жакын жайгашкан эки чачтарачка жайылды. Ошондой эле, коңшулаш орун алган соода борборуна жайылып жатканда өрт токтотулду. Жабыркагандар тууралуу маалымат такталууда», — дешти аталган бөлүмдөн.

Өрт кырсыгы катталган аймакта «Ак-Тилек» базары жайгашкандыктан жана анда эл көп болгондугуна байланыштуу коомдук коопсуздукту сактоого 20 кызматкер тартылды.

Количество просмотров: 24