• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Караколдо контейнерден өрт чыкты

21 Чын куран 20229:07 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарында контейнерден өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 21-апрелге караган түнү саат 2:20 чамасында Каракол шаарынын Кыштобаев менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн куткаручулар тартылып, саат 02:45те толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Теги:
Количество просмотров: 71