Каракол шаарынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан лыжа буюмдарын ижарага берген жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Тилсиз жоо тууралуу билдирүү саат 12:12де түшкөн. Жерине эки күжүрмөн эсеп тартылып, жалын саат 13:03тө толугу менен өчүрүлгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Жабыркагандар жок.