• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Караколдо мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды

23 Теке 202512:20 Бишкек Govori.TV

Караколдо мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан жалпы аянты 35 сотых бала бакчанын имаратын жана анын аймагын менчиктештирүү учурунда сметалык баасы 30 млн 872 миң сомду түзгөн мыйзам бузуулар аныкталган.

Бала бакчанын имараты жана ага жакын аймактар мурда Каракол шаарынын муниципалитетинин балансында турганы аныкталган. Бирок, 1999-жылы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жана социалдык инфраструктуранын объектилерин ээликтен ажыратууга тыюу салган колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды бузуу менен жогоруда аталган объектилер мыйзамсыз түрдө жеке колго өтүп кеткен.

Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бала бакчанын имараты жана анын аймагы ыктыярдуу түрдө Каракол шаарынын муниципалитетинин балансына өткөрүлгөн.

Количество просмотров: 99