• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Көкүлов Караколдогу суу каптаган МИКтин үйлөрү боюнча чара көрүү керектигин айтты

3 Кулжа 202612:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-майда ЖКнын жалпы жыйынныда депутат Эрулан Көкүлов Мамлекеттик ипотекалык компания салып жаткан үйлөрдүн сапатына байланыштуу маселе көтөрдү.

Депутат өз сөзүндө Каракол шаарында МИК курган көп кабаттуу үйлөрдү суу каптаган окуяны айтып, бул үчүн тиешелүү кызмат адамдарына чара көрүлүшү керектигин билдирди.

“МИК арыктарга, түтүктөргө таштанды толуп калгандыктан үйлөрдү суу каптаган” деп жооп берди. Бирок ал калп. Караколдо салынган үйдө чатырдан ылдый суу агып түшө турган түтүккө дүйнөдөгү эң арзан түтүктү коюшкан. Жаан катуу жааганда талапка жооп бербеген түтүк тешилип, жарылып кеткен. Бул боюнча Курулуш министрлигине да кайрылгам. “Жаан катуу жааган үчүн суу каптады” деген да жооппу? Анда Бишкектеги үйлөрдүн баарын суу каптап кетпейт беле. Бүт Кыргызстанга ушундай да калп айтса болобу?”, — деди ал.

Эске салсак, 19-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам Караколдо МИК курган көп кабаттуу үйлөрдү суу каптаган. Окуядан соң мекеме маалымат таратып, жаан суусунун батирлерге жана подъезддерге агып киришин түтүктөргө таштанды толуп калганы менен байланыштырган жана жабыркаган жерлерди оңдоо иштерин өз эсебинен жүргүзөрүн билдирген.

Количество просмотров: 93