Каракол шаарынын Горький көчөсүндө жайгашкан тез татым жайынан өрт чыгып, бир аял каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 15:16да Каракол шаардык №15 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, тилсиз жоо толук өчүрүлгөн. маркумдун өздүгү такталууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча, газ баллону жарылып кеткен.