• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Караколдо унааны айдай качкан жигит жол кырсыгынан каза болду

26 Кулжа 2020 13:18 Бишкек Govori.TV

Караколдо унааны айдай качкан жигит жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-июнга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Каракол шаардык милициясына Каракол унаа жолунун 1,800 чакырымында жол кырсыгы болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн.

«22 жаштагы И.Ф., аттуу жигит 18 жаштагы Ш.М., аттуу таанышы менен саат 02:30дар чамасында шаардагы СИЗО-23түн жанында турган “АУДИ-А6” унаасын айдап качкан. Андан кийин жигиттер Каракол-Пристань унаа жолунда бара жатканда И.Ф., аттуу жаран рулду башкара албай жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Жол кырсыгынан улам И.Ф., аттуу айдоочу жеринде каза болгон. Ал эми Ш.М., аттуу жүргүнчү жаракат алып, Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасына жеткирилген»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып,сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Количество просмотров: 1024