• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Караколдо заманбап гемодиализ борбору ишке кирди

30 Бештин айы 2021 21:50 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-декабрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында орун алган жаңы гемодиализ борбору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы гемодиализ борборунун ишмердүүлүгү, ал жерде түзүлгөн шарттар менен таанышып, медициналык жайларды жана палаталарды карап чыкты.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, бөйрөк оорусунан жабыркагандардын саны жыл сайын өсүп, мурда сатылып алынган аппараттар эскирип калган.

Жеке компаниялардын бири тарабынан салынган Каракол шаарындагы жаңы гемодиализ борбору 70ке чейин адамды тейлей алат.

Мамлекет башчысы бул долбоордун маанилүү ролун белгилеп, мындай диализ борборлорунун, өлкөнүн аймактарында ачылышы калктын өз убагында жана сапаттуу медициналык жардамга жетүүсүн камсыз кылып, ошондой эле медициналык тейлөөнү жакшыртаарын баса белгиледи.

Кошумчалай кетсек, мындай диализ борборлорунун, республиканын аймактарында ачылышы калктын өз убагында жана сапаттуу медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылып, жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатат.

Президент Садыр Жапаров оорукананын жамааты менен баарлашып, орун алган көйгөйлөрдү сурады.

Мамлекет башчысы келерки жылы медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу пландары тууралуу айтып берди, бул ата мекендик медицинанын кадрдык потенциалына да оң таасирин тийгизиши керек.

Ал буга бардык шарттар бар экенин, анткени учурда мурда коррупциялык схемалар менен тонолгон каражаттар азыр мамлекеттин кирешесине айланып жатканын баса белгиледи. Бул каражаттардын эсебинен пенсиялардын, жөлөк пулдардын жана эмгек акылардын өлчөмү көбөйтүлөт, ошондой эле өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү чыңдалууда.

Садыр Жапаров ошондой эле келерки жылы Ысык-Көл облусунда курулушу карала турган жаңы аймактык оорукананын долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууну тапшырды. Ошол эле жерде Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын муктаждыктары үчүн тез жардам унаасынын ачкычын тапшырды. Алар гемодиализ борборунун бейтаптарын дагы тейлейт.

Жалпысынан Мамлекет башчысы саламаттыкты сактоо тармагына аймактык ооруканалар үчүн сегиз тез жардам унаасын белекке берди.

Кошумчалай кетсек, бул борборду куруу жана жабдуу менен жеке компаниялардын бири алектенген. Учурда бул ишкананын гемодиализ борборлорунда 31 диализатор бар, анын бешөө Балыкчы шаарында, алтоо Чолпон-Ата шаарында жайгашкан.

Количество просмотров: 366