• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ташиев: «Манас шаарын борбор кылуу боюнча азыркы күндө эч кандай ой жок»

18 Аяк оона 202514:58 Бишкек Govori.TV

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Манас шаарын борбор кылуу боюнча азырынча жетекчилердин дагы, саясатчылардын дагы оюнда жок экенин билдирди.

“Манас шаарын борбор кылуу боюнча жетекчилерде, саясатчыларда ой жок. Бирок Манас шаары Кыргыз мамлекетинин борбору деп аталып калса сонун эле болмок. Бирок азыр андай маселе эч жерде коюлган да, көтөрүлгөн да жок. Эгерде ушундай маселе көтөрүлө турган болсо аны эл чечиши керек. Борборду которуу, атын өзгөртүүнү саятсатчылар, кайсы бир жетекчи, топтор эмес эл чечиши керек. Ал үчүн “Манас шаарын Кыргыз мамлекетинин борбору кылууга макулсузбу?” деп реферундум кылса эле эл чечип коёт. Эл макул болсо коёбуз, макул болбосо койбойбуз. Бирок бул маселе азыр күн тартибинде жок. Мен өзүмдүн оюмду айтып жатам”, — деди Ташиев.

Количество просмотров: 185