• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Караколдогу массалык мушташ. Туристтер менен жергиликтүүлөр экени айтылат «Видео»

11 Үчтүн айы 2018 12:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.01.2018.Govori.TV

Каракол шаарында 2018-жылдын 5-январында жергиликтүү тургундар менен туристтердин ортосундагы делген массалык мушташтын видеосу редакцияга келип түштү.

Бул массалык мушташ Каракол шаарынын Фучик-Карасаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Доя» тоо-лыжа дүкөнүнүн жанында жергиликтүүлөр менен эс алууга келген туристтердин ортосунда болгондугу айтылат.

Массалык мушташ тууралуу Ысык-Көл Ички иштер башкармалыгына кайрылганыбызда алардын маалыматы жок болуп чыкты. Бул мушташ тууралуу арыз түшкөн эмес деп билдирди маалымат кызматы. Учурда тактоо иштерин жүргүзүп жаткандыктарын билдиришип, кененирээк маалыматты кийинчерээк беришерин айтышты.

Количество просмотров: 16