• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Караколго жаңы-жылдык балаты эмне үчүн эрте орнотулган? (видео)

19 Жетинин айы 201915:57 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарынын борбордук аянтына жаңы-жылдык балатынын эрте орнотулушунун себеби айтылды. Каракол шаардык «Тазалык» ишканасынын кызматкери Кожобек Жантаевдин айтымында, балатыны орнотуу үчүн бери жагы дегенде эле бир ай сарпталат.

Каракол борбордук аянтына балаты орното баштаган Кыргызстандагы биринчи шаар болду деп айтып жатышат. Эрте башталганынын себеби бизде күч аз. Балатыны орнотуу үчүн бери жагы дегенде эле бир ай сарпталат. Учурда 4 киши эмгектенип жатабыз 5 күндө араң сөлөкөтүн тургуздук. Кийин кооздоп баштайбыз”,-деп билдирди Кожобек Жантаев.

Эске салсак, Каракол борбордук аянтында балаты 14-ноябрда орнотулуп, интернет тармагында кызуу талкуу жараткан эле.

Количество просмотров: 118