• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

«Караларга» буюрбаган 500 доллар милициядан жоголгон

18 Үчтүн айы 2018 11:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18. 01. 2018. Govori.Tv

Бостеридеги өрттөнгөн “Осьминог” ресторанынын ээси Аскат Асанкадыров  “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” программасында караларды карматууда далилзат катары берген 500 долларын милиция али күнчө таппай жатканын айтты.

“Мага кылмыштуу топ мүчөлөрү 500 доллар салык салышкан. Мен милицияга айтып, ошол 500 долларды тигилерге берип жатканда карматкамын. Бирок, алар кайра эле эркиндикке чыгып кетишти. Ал эми 500 доллар дализатты милиция азыркы күнгө чейин таппай жатат. Азыр мага ой келди, жакшысы, ошол акчаны караларга эле берип койсом болмок экен…”,-деди ишкер Аскат Асанкадыров.  Ошондой эле ал үй-бүлөөсүнө коркунуч келип жатканын, ар түрдүү коркутуулар бар экенин билдирген.

Ал арада  ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын башчысы Нурлан Таштан уулу жабырлануучу Аскат Асанкадыров үй-бүлөөсү менен мамлекеттик коргоого алынганын билдирди.

“Govori.tv” жогоруда айтылган 500 доллардын дайынын сурап, ИИМдин маалымат-кызматынын башчысы Бакыт Сейитовго кайрылды. “Жабырлануучунун бул айтканын боюнча биз тиешелүү жактарга суроо жөнөттүк. Ал мурда бул 500 доллар тууралуу эч кандай суроо салган эмес. Биз Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшү Башкы башкармалыгынан справкаларды алгандан кийин расмий жооп беребиз. Далил затты кимдир бирөө өзүнө алышы мүмкүн эмес”,-деп жооп берди ал.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 7-январда эртең менен Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айылында «Осьминог» аттуу ресторан толугу менен өрттөнүп кеткен.

«Азаттыктын» бул теле берүүсүн төмөндөгү шилтеме менен көрө аласыздар

https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_crime_business/28981099.html

 

 

Количество просмотров: 9