Бишкек.27.06.2019.Govori.TV.
Жогорку Кеңештин депутаттары мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу маселесин карап жатат.
Анда Башкы прокурор Ө. Жамшитов маалыматтар менен тааныштырды. Анын сөзүнө депутат Ирина Карамушкина пикирин билдирип, Жамшитовго карата өз пикирин айтып, аны сыйлабай калганын билдирди.
«Атамбаев менен бирге ошол кездеги баардык катыштыгы бар деген кызматкерлер жоопко тартылуусу керек, ошол эле бир туугандар Жээнбековдор да кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу керек»,-деди Карамушкина.
Эл өкүлү кошумчалагандай, бийлик бул ишти бурмалап жатат.
Ал эми Башкы прокурор депутаттын билдирүүсүнө, тааныштырылып жаткан документтер менен жакшылап карап, изилдеп чыгуусун айтты.