• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Карантинде жааган кар үйдө отурган элди кейитти

9 Чын куран 2020 11:48 Бишкек Govori.TV

Апрель айы ортолоп калганда аба ырайы кескин өзгөрүп, Кыргызстандын айрым аймактарында кар жаап салды. Жазгы талаа иштери күч алып жаткан убакта карантинде жатып түйшөлгөн жарандарды ого бетер убайымга салды.

Бул тууралуу өз пикирлерин социалдык тармакка жазышып, бапалактап жаап жаткан кардын сүрөт, видеолорун учурда колдонуучулар байма-бай чыгарып жаткан чагы.

Алардын бири ЖК депутаты Исхак Масалиев күздө мөмө берчү дарактардын гүлүн үшүк алуусу мүмкүн экенин жазды.

Магнолия сегодня и два дня назад. Персики, черешня однозначно замёрзнут…

Опубликовано Исхаком Масалиевым Среда, 8 апреля 2020 г.

Ушундай сыңары пикирин фейсбук баракчасына Ирина Чистякова да жазып, короосундагы кар баскан гүлдөрүнүн сүрөтүн жайгаштырган.

Мой прекрасный печальный весенний сад… #всекакялюблюкрасиво

Опубликовано Ириной Чистяковой Среда, 8 апреля 2020 г.

Учурда Кыргызстанда да Кытайдан чыккан коронавирус илдети тарап жатат. Белгилей кетсек, бул илдет кытай өлкөсүндө кыш айларында күч алган. Окумуштуулардын маалыматына таяна турган болсок, вирус муздак температурада көбүрөөк жашайт. Бул туурасында жазган фейсбук колдонуучусу Азат Аманов өздүк баракчасында жеке оюу менен бөлүшкөн.

Лента сегодня будет пестрить обманутыми чувствами. Мол снег очистит вирус итд. Вирусы выживают при минусовой…

Опубликовано Азатом Амановым Среда, 8 апреля 2020 г.

Жаз мезгилинин экинчи айында жааган кар Бишкектен башка аймактарда да орун алды. Чүй облусунун Ак-Башат айылынын жашоочусу кышында мындай кар жаабаганын жазган.

https://www.facebook.com/zagif.musabaeva/videos/1317569598434833/

Ал эми Таласта калыңдыгы 10-15 см.га жеткен кар түшкөнүн жергиликтүү тургандар айтышууда.

Кошумчалай кетсек, бүгүн күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Ал эми 10-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында жаан, кар, Нарын облусунда жана Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

10-апрелде күндүз Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Количество просмотров: 1213