• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Карасартов: Кыргыз армиясында “дедовщина” жок деп кепилдик бере алам

28 Бирдин айы 2023 15:46 Бишкек Govori.TV

Коргоо министрлиги бүгүнкү күндө кыргыз армиясында чоңсунуу (“дедовщина”) деген көрүнүш жок деп эсептейт. Бул тууралуу 28-февралда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү иштери боюнча комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып өлкөнүн коргоо министринин биринчи орун басары Алмазбек Карасартов билдирди.

“Кыргыз армиясында “дедовщина” жок деп кепилдик бере алам. Ар кандай кичине мыйзам бузуулар, аскердик тартипти бузуулар болуп жатат, тилекке каршы», — деди ал.

Жыйында депутат Руслан Жакышев, «Кыргыз жоокерлери аскерге барып, өз өмүрүнө кол салгандар болду, канчоо болгон, эмне үчүн бул жай турмушта өз өмурүнө кол салгандар болуп жатат, анализ жасадыңызбы?» — деген суроо салды.

Депутатка жооп берген Алмазбек Карасартов, «Аскерге келип өзүнө-өзү кол салган аскер кызматкерлери боюнча териштирүү иштери болгон. Эми булардын жыйынтыгы боюнча «үй-бүлөлүк шартына байланыштуу болду» деген чечим чыгарып, ал эми каза болгон жоокерлердин командирлери жоопко тартылган», — деди.

Белгилей кетсек, аскер кызматын өтөп жатып каза болгондор Кыргызстанда жыл сайын катталып келет. Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, алар “дедовщинанын” курмандыгы болгонун айтып келишет.

Количество просмотров: 485