Президент Садыр Жапаров Турак жай кодексине, «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдү бекитти.
Мамлекет башчысы 6-августта кол койгон мыйзамга ылайык, турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп төмөнкү жарандар таанылат: менчигинде же анын үй-бүлө мүчөсүнүн, аны менен чогуу жашаган жакын тууганынын менчигинде турак жайы жок КР жарандары, ошондой эле акыркы беш жыл ичинде (мамлекеттик «Менин үйүм» турак жай программасына катышкан учурда үч жыл) өздөрүнүн турак жай шарттарын начарлатууга багытталган, менчиктеги турак жайларды ажыратууга алып келген жарандык-укуктук аракеттерди жасабагандар.
Кызматтык турак жайларды менчиктештирүү аскердик кызмат өтөө мезгилинде каза болгон жана 20 календарлык жылдан аз кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө түздөн-түз сатуу жолу менен өзгөчө учурларда гана жол берилет.
Кызматтык турак жайларды менчиктештирүүдөн аскер кызматкеринин өлүмү төмөнкү учурларда баш тартылат:
Жашы боюнча, ден соолугунун абалы боюнча, штаттардын кыскарышы же үй-бүлөлүк жана башка маанилүү жагдайлар боюнча запаска же отставкага кеткен жана 20 календарлык жыл жана андан ашык стажы бар аскер кызматкерлерине, аскердик кызматтын милдеттерин аткаруу учурунда каза болгон же өлгөн аскер кызматкеринин үй-бүлө мүчөлөрүнө (стажынын мөөнөтүнө карабастан), аскердик кызмат өтөө мезгилинде каза болгон аскер кызматкеринин үй-бүлө мүчөлөрүнө (20 календарлык жыл жана андан ашык стажы бар), алардын ээлеген же аларга берилген кызматтык квартиралары тандалган жашаган жери боюнча акысыз жеке менчикке берилет.
Жогоруда көрсөтүлгөн негиздер боюнча жумуштан бошотулган аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө анын өлгөнгө чейинки болгон шарттарда турак жай берүү укугу сакталат.