Бүгүн, коронавирус өлкөдө расмий катталгандан бери толук бир жыл өттү. Оору менен күрөшкөн жыл ичинде кандай тажрыйбалар алдынды жана алдыдагы кылынуучу кадамдар тууралуу маалымат жыйын учурунда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Мадемин Каратаев азыркы абалды туруктуу деп айтууга кыйын болуп турганын билдирди.
«Биз азыркы учурда вирустун үчүнчү толкунуна жакшы даярдыктарды көрүү зарыл. Бул вируска биз эле эмес бүткүл дүйнө даяр эмес болду. Пандемия учурунда көптөгөн көйгөйлөр көрүнүп калды. Алардын бири Саламаттык сактоо тармагына көңүл буруу керек деген маселе ачык болду», — дейт ал.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 45 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 980 киши айыгып чыкса, 1 миң 485 адам каза болду.