• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Кардиология борборундагы өрт өчүрүлдү, 260 адам эвакуацияланды

12 Бирдин айы 20250:08 Бишкек Govori.TV

Улуттук жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда чыккан өрт кырсыгын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев өзү жеринде көзөмөлдөдү.

Министр имараттагы абал менен таанышып, дарылануучулардан кабар алды.

Саат 22:33тө өрт чектөөгө алынып, өрт өчүрүүчүлордүн күжүрмөн аракети менен 23:15те толук өчүрүлдү. Кырсыктан 260 адам коопсуз жайга эвакуацияланды. Алардын 216сы дарылануучулар, ал эми 44ү дарыгерлер.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи Май району. маалымат боюнча, Тоголок Молдо көчөсүнүн №3/2 дарегинде жайгашкан имараттан чыккан өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын өрт өчүрүүчү 6 күжүрмөн эсеби, 2 автошатысы тартылган.

Количество просмотров: 321