• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Каркырада кар калың жаап, 230 кой-эчки, 30 жылкы жана 40 баш бодо мал өлгөн

3 Кулжа 2022 13:25 Бишкек Govori.TV

Каркыра жайлоосундагы кар калың жаап, 230 баш кой-эчки, 30 жылкы кулуну менен жана 40 баш бодо мал өлгөну аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Келтирилген зыянды аныктоо үчүн КР ӨКМнин Түп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 офицер жана ЖК комиссиясынын мүчөлөрү тартылган.

«Алар Каркыра жайлоосундагы малчылардын абалынан кабар алышып, жеринде карлар ээрип, унаа жолдор ачык, кошумча тоют (чөп) керек эместиги айтылып, болжол менен 230 баш кой эчки, 30 жылкы кулуну менен, 40 бодо мал өлгөнүн такташкан», — деп айтылат маалыматта.

Кошумча маалымат такталууда.

Количество просмотров: 399