• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кармалган журналисттердин кезектеги соттук иши уланды

29 Баш оона 202413:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда 11 журналисттин иши боюнча соттук отурум уланды. Соттун бул жолку жүрүшүндө Юстиция министрлигинин эксперти Таалайбек Абдыкожоев суроолорго жооп берди.

Субакожоев «Эркиндик берилбейт, ага жетүү» керек деген сөздө башаламандыкка чакырык бар деп билдирди. Бирок ал чакырык экенин далилдеп бере алган жок.

Түштөн кийинки отурумда соттук териштирүү иштери улантылат. Кийинки сот отуруму 5-сентябрга белгиленди.

Эске салсак, ушул жылдын 16-январында 11 журналист кармалып, тиешелүү кодекстин массалык башаламандык беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Азыркы тапта төрт журналист тергөө абагында кармалууда. Жети журналист үй камагына чыгарылган.

Количество просмотров: 84