Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев сөз сүйлөп 23-октябрда белгилүү саясатчылар кармалды деген айрым кесиптештеринин билдирүүсүнө макул эместигин айтты.
Анын айтымында, массалык башаламандык уюштурууга аракет кылган деген айып менен кармалгандардын арасында белгилүү саясатчылар жок.
«Кесиптешибиз белгилүү саясатчы, журналисттер кармалды деди, бирок мен буга кошулбайм. Мен башка белгилүү саясатчыларды тааныйым. Кечээ кармалган саясатчылар «дежур саясатчылар», «бийлик саясатчылары». Эгер бийлик берсе бийликти макташат, кетсе бийликти жамандайт. Мындай саясатчыларды биз «дежур саясатчы», «ОБОН саясатчы» дейбиз. Кыргызга аттын кашкасындай таанымал саясатчыларды билем, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Накен Касиев, Шеримкулов атабыз, Жумагулов атабыз, Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич деген белгилүү саясатчыларды билем… Мына ушуларды белгилүү саясатчылар десек болот», — деди депутат.
Мындан тышкары депутат мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кечеки кайрылуусу тууралуу пикирин айтып, анын убагында да камоолор болгонун билдириди.
«Атамбаев камоолор боюнча да пикирин билдирип, саясатчыларды, өзгөчө аялдарды бошотууну суранды. Бирок мен анын убагында белгилүү саясатчылар — Текебаев, Жапаров, Ташиев, Мамытовдор да камалганын эскертип кетким келет. Анын убагында да белгилүү журналисттер кармалышкан. Ошондуктан маселе калыс каралышы керек деп айткым келет», — дейт ал.