• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Картошкага ээ боло албаган министр Мурашев

25 Тогуздун айы 2018 17:08 Бишкек Govori.TV
Бишкек.25.10.2018.Govori.TV.
Картошка арзандап, дыйкандын эмгеги акталбай жатканы коомдо чоң талкуу жаратты. Айыл чарба министрлиги бул көрүнүшкө «жакында баары болот”,- деген жооп кылып, сүйлөшүүлөр болууда деген менен чектелишүүдө.
Жакында баа көтөрүлөт деген менен, бул кырдаал өтө курчуп кетти. Бул министрликтин ишин президент да сынга алып, Айыл чарба министри Нурбек Мурашев менен жолугуп, картошка маселесин өзү Сооронбай Жээнбеков караганы маалым.
Ал эми депутаттар өзүдөрү тарабынан сындарын айтып, кээ бирлери министрликтин иши чабал болуп жатканынын себептерин божомолдошту.
Депутат Тазабек Икрамов белгилегендей министрликтин ишинин жүрүшпөөсү балким бул мекемеде жалаң пенсионерлердин отуруусундадыр. Канткен күндө да картошка маселеси президенттин деңгээлинде каралуусу министрдин ишинин аксап жатканынан кабар берет.

Количество просмотров: 35