Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бишкек шаарынын Тез жардам клиникалык ооруканасына барып, карылар үйүндөгү өрттөн улам түшкөн жаракат алгандардын абалы менен таанышты.
Бардыгы болуп КБСМПга 14 бейтап түшкөн: 13 бейтаптын диагнозу – көмүр кычкыл газынан уулануу, 1 бейтаптын диагнозу – 1-даражадагы күйүк. 4 бейтаптын абалы орточо оор, 2 бейтаптын абалы оор, 8 бейтаптын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланган. Абалдын оордугу кошумча оорулардан, көмүртек кычкыл газынан жана күйүүчү продуктылардан улам келип чыккан.
Министр Каныбек Досмамбетов ооруканага жаткыруу шарттары, бейтаптарды дарылоонун жүрүшү менен таанышып, жабыркагандарга тийиштүү медициналык жардам көрсөтүүнү камсыздоо боюнча зарыл тапшырмаларды берди.г.