Токмок шаарында карындашына ыдык көрсөткөн кишини агасы атып салган окуя боюнча акыйкатчы Атыр Абдрахматова үн катты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Маалым болгондой, Акыйкатчы институтуна түндө тийиштүү тапшырма берилген.
«Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн сотто агасынын (ред., Д.З.) бөгөт кою чарасы каралат, (биздин кызматкерлер мониторинг жүргүзөт, Аселдин арызын алат (макул болсо); Бүгүн дем алыш күн болгонуна байланыштуу бизден ИИМге оозеки өтүнүч айтылды — агасын психологиялык экспертизадан тез өткөрүүгө, себеби аффект деген түшүнүк бар. Бул иш абдан маанилүү, бирок көп учурда кылынбайт. Окуя боюнча ишибизди улантабыз», — деген акыйкатчы.
Эске салсак, окуя кечээ, 1-июлда, болжол менен саат 8:30да Бишкек — Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында, Токмок шаарынын аймагында болгон.
Билдирүүгө караганда, келин аялдамада турганда эртең менен саат 7:45те өтүп бараткан машинаны тосуп, ага отурган. Рулдагы 47 жаштагы И.Р. аттуу айдоочу бир аз жүргөндөн кийин эле автоунаасын жол четине токтотуп аялга асыла баштаган. Ал эптеп качып чыккандан кийин агасына телефон чалып баарын айтып берген. Андан соң ошол эле жерде жүргүнчү түшүрүп жаткан автоунаага барып отурган. Бирок И.Р. анын артынан кууп барып, машинанын астын тороп токтотуп эч бир себеби жок эле келинди уруп-согуп, чачынан сүйрөп сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда агасы келип калып карындашын кордоп жаткан кишини газ-травматикалык тапанча менен атып жиберген. Ал алган жараатынан улам Тез жардам келгенге чейин каза болгон.