• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Карындын калдыгын төккөн келин 5 миң сом айып пул төлөйт

13 Бештин айы 201817:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.12.2018.Govori.TV

Союлган койдун карынынан чыккандарды жол боюндагы арыкка төккөн Ош шаарынын тургуну 5 миң сом айып акча төлөй турган болду.  Бул туурасында  Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.


Мэриянын маалыматына караганда, мындай чечимди Мамлекеттик экотехинспекциядан кабыл алышкан.


« Мамлекеттик экотехинспекция тарабынан айлана-чөйрөнү булгаганы үчүн 1989-жылы туулган Ош шаарынын тургунуна 5 миң сом айып пул салынды», -деп билдирди Азамат Апсатаров.


Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда жаш келин Оштун борбордук көчөлөрүнүн бириндеги арыкка карынды төгүп жаткан тасма тарап кеткен. Анын бул жоругуна түшүндүрмө сураган видеонун авторуна атырылып, анысы аз келгенсип, карындагы калдыктан чачып колун кезеп айтыша кеткен.

https://www.youtube.com/watch?v=BCIAbHmAFjY&feature=youtu.be&fbclid=IwAR20NFkOE9Uzf1wehkeyvjopnUsFTu7t5ORKGOY09v5j6sK5M78ytCPkc9w

Количество просмотров: 14