31-январдан тарта «Түндүк электр» ишканасы электр энергиясына карызы бар 2,2 миңден ашуун абоненттин жарыгын аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматкаылайык, жалпы дебитордук карыз 12,5 миллион сомду түзгөн.
Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.Абоненттер электр энергиясына канча сом чыкканын, канча карызы бар экендиги тууралуу маалыматты «Түндүк электр» ААКнын www.se.kg сайтынан же күнү-түнү иштеген Call-борборунан (1209) алса болот.Эске сала кетсек, почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн, электрге төлөмдү терминал аркылуу жүргүзүү мүмкүн.
Эске сала кетсек, абоненттер почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн, төлөмдү «Quickpay», «Pay24», «UMAI», «KICB», «MSТС (Касса-24)», «Megacom», «О!» терминалдары, «О!», «MegaPay», «UMAI», «Элсом» электрондук капчыктары, «РСК Банк», «Керемет Банк», «Дос Кредо Банк», «Бакай Банк», «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН», «Халык Банк», «КICВ Банка, «Оптима Банк» жана «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу жүргүзсө болот. “Северэлектро” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат.
“Акылдуу” эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн аралыктан өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Северэлектро” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт.