• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Каспий деңизинин жээгинде 100дөн ашык тюлендин өлүгү табылды

9 Жетинин айы 2022 13:46 Бишкек Govori.TV

Каспий деңизинин Маңгыстау облусундагы жээгинде 100дөн ашык тюлендин өлүгү табылды. Бул тууралуу 8-ноябрда Борбор Азия экологиялык изилдөө институту билдирди.

Маалыматка караганда, тюлендердин жапырт өлүмү тууралуу кабар Каспий тюленин изилдөө жана сакайтуу борборуна 7-ноябрь күнү кечинде келип, мекеме адистери Маңгыстау облусунда дароо жөнөп кетишкен.

Учурда деңиз жээгин изилдөө иштери уланууда. Маңгыстау облусунун акимчилиги жана Экология министрлигинин Балык чарба комитети жөнөткөн кызматкерлердин тобу тюлендердин өлүгүн чогултуу иши менен алектенүүдө.

«8-ноябрдын саат 17:00нө карата бири-биринен алыс жайгашкан 101 тюлендин тарпы табылды. Азыр алардын өлүмүн аныктоо үчүн ткандарынын үлгүлөрү лабораториялык изилдөөгө жарайбы-жарабайбы аныкталып жатат. Анткени калдыктары чирип баратыптыр», – деди Каспий тюленин изилдөө жана сакайтуу борборунун директору Адылхан Товасаров.

Анын айтымында, борбордун адистери Балык чарба комитетинин кызматкерлери менен биргеликте тюлендердин өлүгүн табуу үчүн Каспий деңизинин башка тилкелеринде да изилдөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Бул Каспий деңизинин жээгинде өлгөн тюлендер табылган алгачкы учур эмес. Быйыл август айында жергиликтүү Lada.kz басылмасы Маңгыстау облусундагы Форт-Шевченко портуна жакын жерде 64 тюлендин өлүгү табылганын жазган.

Ушул аптада Маңгыстау облусуна жумушчу сапары менен барган өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев бул маселеге көңүл буруп, каспий тюлендерин сактап калуу жана популяциясын көбөйтүү үчүн бир катар илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Мындан тышкары ал тюлендер жашаган аймактардын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча атайын программа иштелип чыгышы керектигин белгиледи.

Количество просмотров: 64