Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Министрлер Кабинети билдирди.
Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга бүгүн 6-ноябрда Бишкекте өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи саммитине катышат.
Саммиттин ишине уюмга мүчө беш мамлекеттин – Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын лидерлери, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары да катышмакчы.