Бишкек.20.05.2019.Govori.TV.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий визити пландалган. Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМ башчысы казак кесиптеши Бейбут Атамкулов менен жолугушуунун жүрүшүндө маалымдады.
Жолугушуу Казакстандын ТИМ башчысынын Кыргызстанга болгон расмий визитинин алкагында өтүүдө. Атамкулов 22-майда Бишкекте өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешине катышат.
Чыңгыз Айдарбеков Казакстандын мамлекет башчысынын Кыргызстанга пландалган расмий визити тууралуу айтып, ошондой эле Касым-Жомарт Токаев Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катыша тургандыгын билдирди.
Визиттин так күнү азырынча айтылган жок.