Бишкек.12.06.2019.Govori.TV.
Казакстандын ордо калаасында жаңы президент Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы өттү. Токаев беш жылдык мөөнөткө президенттик кызматка расмий киришти. Ал казак тилинде ант берди.
Өз сөзүндө, «Казакстандын элине ак ниетим менен кызмат кылууга, Казакстан Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын бекем сактоого, жарандардын укуктары менен эркиндигине кепилдик кылууга, Казакстан Республикасынын президентинин мага жүктөлгөн жогорку милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарууга ант берем», — деди
9-июнда өткөн кезексиз шайлоодо Касым-Жомарт Токаев 70 пайыздан ашык добуш алып жеңишке жеткен. Экинчи орунда оппозициялык саясатчы Амиржан Косанов, үчүнчү орунда Дания Еспаева турат.