• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Касымалиев аппаратка жаңы министр Эрлист Акунбековду тааныштырды

24 Бирдин айы 202619:59 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин борбордук аппаратына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин милдетин аткаруучу Эрлист Акунбековду тааныштырды. 

МинКаб башчысы ведомствонун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, министрдин милдетин аткаруучунун алдына бир катар негизги милдеттерди койду.

Айыл чарба тармагында да, экономиканын реалдуу секторунун башка багыттарында да оң динамиканы сактоонун жана көрсөткүчтөрдүн мындан ары өсүшүнүн маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди.

Количество просмотров: 195