Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 11-13-февралда Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмирликтери) жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Сапардын жүрүшүндө министрлер кабинетин төрагасы Дүйнөлүк өкмөттүк саммитке катышат.
Мындан тышкары, саммиттин алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландалууда.