• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Касымалиев Беларустун премьер-министри менен сүйлөштү

24 Жалган куран 202515:19 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Беларусь Республикасынын премьер-министри Александр Турчин телефон аркылуу сүйлөштү.

Адылбек Касымалиев Александр Турчинди Беларустун премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, жооптуу мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Министрлер кабинетинин төрагасы эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери боюнча тыгыз жана жемиштүү иштөөгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар 2025-2027-жылдарга карата Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү боюнча кол коюлган Иш-чаралар планын (“Жол картасы”) тууралуу да пикир алышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле алдыдагы мезгилге пландаштырылган иш-чараларды талкуулашты.

Количество просмотров: 122