Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кызматка киришкендеги 100 күнү тууралуу “Слово Кыргызстана” гезитине маек берип, экономика, салык системасы тууралуу да комментарий берди.
“Биз салык механизмдерин, анын ичинде электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК-ЭТТН) колдонуу тартибин карап чыктык. Негиз болсо, өзгөчө чакан бизнесте патенттик системага кайтабыз. Жүз миңдеген кыргызстандыктар базарларда адал эмгек менен үй-бүлөсүн багып жатканын түшүнөбүз. Өкмөттүн алардын жашоосун оорлотуу максаты жок”, — деди ал.
Жаңы салыктык реформалардын алкагында Кыргызстанда 2024-жылдын 1-июлунан баштап соодадагы патент жоюлуп, көзөмөл-кассалык машинени (ККМ) милдеттүү колдонуу тартиби күчүнө кирген.