• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Касымалиев Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолукту

18 Жалган куран 20258:52 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча регионалдык директору Татьяна Проскурякова баштаган делегация менен жолугушуу өткөрдү.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушууда тараптар Камбар Ата-1 ГЭСин куруу долбоору боюнча пикир алмашты.

Мындан тышкары тараптар Дүйнөлүк банктын бюджеттик колдоосу боюнча айрым маселелерди, инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча сунуш пикирлерди талкуулашты.

“Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк банк менен көп жылдык колдоону жана өнөктөштүктү терең баалайт. Дүйнөлүк банк Кыргызстандын негизги өнөктөшү гана эмес, өнүгүүгө багытталган реформаларды жүргүзүүдө ишенимдүү союздаш”,-деди минкаб башчысы Адылбек Касымалиев.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча регионалдык директору Татьяна Проскурякова Кыргызстанды Тажикстан менен чек араны тактоонун ийгиликтүү аяктаганы менен куттуктап, ири долбоорлорду жана күн тартибиндеги башка бардык маселелер боюнча кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө кызыктарлыгын билдирди.

Количество просмотров: 101