Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Касымалиев Адылбек Алешович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Адылбек Касымалиевдин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.
Буга чейин президент Садыр Жапаров кол койгон дагы бир Жарлыкка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров Акылбек Усенбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулган.