Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери, райондордун акимдери менен видеоконференция режиминде кеңешме өткөрдү.
«Жергиликтүү бийлик органдарына экономиканы өнүктүрүү, инвестиция тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана аймактарда социалдык-экономикалык шарттарды жакшыртуу боюнча артыкчылыктуу милдеттер коюлган. Аймактарды күз-кыш жылытуу мезгилине жана жаңы окуу жылына даярдоого өзгөчө көңүл буруу керек. Президенттин Жарлыктары да толук көлөмдө жана бекитилген иш-чараларга ылайык ишке ашырылышы керек», — деди Адылбек Касымалиев.
Кеңешмеде 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жыйынтыктары, президенттин чечимдерин жана «Жашыл Мурас» улуттук программасын ишке ашыруунун жүрүшү каралды.
Ошондой эле президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев менен Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун отчеттору угулду.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекетик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына төмөнкүдөй бир катар тапшырмалар берилди: