Бишкек.27.06.2019.Govori.TV.
Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында вице-спикер Аида Касымалиева агынан жарылып, Атамбаевге жеке кайрылуу жасады.
«Атамбаев мага айткан КСДП менен сени алып келдим деп. Мен парламентке келем деген эмесмин. Бирок, кийин эл колдоп Жогорку Кеңешке 3 жылдан кийин келдим. Ага чейин мен журналисттик ишимди гана аткаргам”,-деди вице-спикер А. Касымалиева.
Мындан тышкары Касымалиева Атамбаевдин үйүндө болуп жаткан окуялар тууралуу сөз кылды.
“Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Атчандарды чакырып, ташты чогултуп, мен курал колдоном дегендин өзү уят! Түндүк-түштүк маселесин козгоп жатканыңыз өтө уят жана тарых муну кечирбейт. Мен түштүктүн кызы, түндүктүн келини катары айтып коеюн. Негизи эле кыргыздын жарааны катары айтайын. Эгерде Алмаз Шаршенович сизге өлкөнүн келечеги кереги жок болсо, менин кызыма, менин балама, биздин балдарга керек!»,-деди ал.