• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Касымалиева: Жакшы кесипкөй адистердин өкмөттөн кетишине каршымын

1 Бирдин айы 2021 16:58 Бишкек Govori.TV

Жакшы кесипкөй адистердин өкмөттөн кетишине каршымын. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева билдирди.

«Жаңы кадамдарга барган, кесипкөй адистердин өкмөттөн кетишине каршымын. Айрыкча Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кызмат орду боюнча коомчулукта чуу жаралды. Ал өзү мамлекет башчы менен сүйлөшүп, калганын айтты. Коомчулуктун пикирин эске алып, жакшы кадрларды алмаштырбоо жакшы нерсе»,-деди Касымалиева.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин кызматтан алынышына каршы пикирин билдирип чыккан. Айтымында, көпчүлүк коалиция К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Рысбек Нургазиевди бул орунга дайындаганы жатышат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы жеке баракчасына жазган болчу.

Количество просмотров: 519