Бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анда депутат Атазов менен төрагалык милдетти аткаруучу Аида Касымалиева кайым айтыша кетти.
Депутат Шайлообек Атазов вице-спикерди шайлоону күн тартипке киргизүүнү сунуштады.
«Вице-спикерди шайлоону күн тартибине киргизсек. Комитеттин чечими бар», — дейт Шайлообек Атазов.
Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева: «Комитеттин чечими бар болсо киргизебиз. Комитеттин төрагасы болобу шайланууга укугу бар. Жаңы депутаттар келгенге бир жума калганда вице-спикерди шайлаган моралдык жактан алганда уят иш», — деп билдирди.