• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин Аида Касымалиева аткарат

29 Тогуздун айы 2021 8:56 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева 28-ноябрга чейин парламенттин төрагасынын милдетин аткарат. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында маалымдалат.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов парламенттик шайлоого талапкер катары катышуусуна байланыштуу Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдетин аткаруу вице-спикерге жүктөлөт.

Эске салсак, БШКнын 24-октябрдагы жыйынында жумушчу топ Талант Мамытов парламенттин төрагалык кызматын тапшырбаганын эске алып, аны каттабай коюуну сунуш кылды. Мыйзам боюнча жогорку кызматты ээлеп турган жаран депутаттыкка талапкерлигин коюу үчүн кызматын тапшырышы керектиги белгиленип, БШКнын 10 мүчөсү сунушту колдоп берген. Талант Мамытов чечимге макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык административдик сотуна арыз жазып, сот Талант Мамытовго карата БШКнын чечимин мыйзамсыз деп тапты.

Количество просмотров: 369