• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Аида Касымалиева БУУнун башкы катчысына ишеним грамотасын тапшырды

16 Бирдин айы 2022 11:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттеришке ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Аида Касымалиева өзүнүн соцтармактагы жеке баракчасына жазды.

Ал ошондой эле КР президенти Садыр Жапаровдун атынан жылуу каалоо-тилектерин айтып, өлкөнүн айлана-чөйрөнү, анын ичинде тоо экосистемасын коргоо боюнча көрүп жаткан чаралары тууралуу маалымат берген.

Өз кезегинде Антониу Гутерриш аны жылуу кабыл алып, Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү максатында мындан аркы ийгиликтүү иш-аракеттерди каалады.

«Ал ошондой эле президентке жана өлкө элине чын жүрөктөн салам айтып, Кыргызстанга бир нече жолу келгенин жана кыргыз элин, жаратылышын, тоолорунун кооз жерлерин жылуу сезимдер менен эскерерин өзгөчө белгиледи. БУУнун Башкы катчысы Кыргызстан тоо күн тартибин алдыга жылдырууда лидер экенин баса белгилеп, бул багытта мындан аркы ийгиликтерди каалап өттү», — деп жазган ал.

Количество просмотров: 61