• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Касымалиева: Жолдошум азык-түлүк алып келип, эшиктин түбүнө таштап кетүүдө

16 Жалган куран 2020 18:16 Бишкек Govori.TV

14 күндүк үй карантинде жаткан Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева фейсбуктагы баракчасына 14 күндүк карантини тууралуу билдирүү жазды.

Саламаттыгымды сураган бардык мекендештерге чоң ыраазычылык билдирип, ушул жакка бир жооп жазып коеюн. Тест таза чыккан, ооруганым жок, маанай сонун, бирок 14 күндүк карантин — алдын алуу максатындагы аргасыз чара жана мен бул эрежени сыйлайм. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз деген ушундай кырдаалда да билинет. Үйдөгү карантиндин 4-күнү аяктап бара жатат. Вирус жок болсо да, жарандык жоопкерчиликти эске алуу менен, аягына чейин отурам. Эң оор сезилгени — үй-бүлөмдү көрө элекмин, кызымды өзгөчө сагындым, жолдошум экөө ата-энебиздикинде. Азык-түлүк алып келип, эшиктин түбүнө таштап кетүүдө. Жөн эле көчөдө басып жүрүү — биз үчүн байкалбаган бакыт. Жөн эле тынч жашоо, күнүмдүк көйгөйлөр менен алпурушуу — бул да бакыт. Эң жакканы — үйдөн иштөө алда канча натыйжалуу да болот экен. Көптөн бери кол тийбей жүргөн иштерди шашпай, майын чыгара жасоого убакыт табылды. Дарыгерлер келип кетишкен, күн сайын телефондон кабар алып жатышат, бирок сыркоонун бир да белгиси жок, анын үстүнө анализ таза. Баарыбызга сабыр, аманчылык, ынтымак, жоопкерчилик каалайм

https://www.facebook.com/aida.kasymalieva/posts/10218399946642485

Белгилей кетсек, 13-март түнү Германиядан иш сапарынан кайтып келген Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, депутат Абдыбек Дүйшалиев жана парламенттин жети кызматкери 14 күнгө үй карантинге алынган.

Количество просмотров: 21008