Бишкек.18.06.2019.Govori.TV.
Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссияга 18-июнда өткөн маалымат жыйында жооп кайтарышы.
«Жогорку Кеңеш А.Атамбаевдин кол тийбестигин алуу менен бир катар мыйзамдарды бузууда. Комиссиянын курамына жалаң экс-президент менен мамилеси түзүк эмес депутаттар чогулган. Анан кантип жакшы чечим күтсө болот? Тарых гана таразалайт деп айта алам»,-деди КСДПнын мүчөсү Нурбек Касымбеков.
Эске салсак, депутаттык комиссия мурдагы мамлекет башчысы Атамбаевге тогуз бөлүмдөн турган оор айыптарды коюп жатат. Анын ичинде кызмат абалынан кыянат пайдалануу, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, коррупция, жерди мыйзамсыз трансформациялоо, акча адалдоо, Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жемкордук, бийликтин узурпациясы деген башка кинелер бар.