• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Катар-2022: Япония курамасы сенсациялык түрдө Германияны утуп алды

23 Жетинин айы 202222:38 Бишкек Govori.TV

Япония курама командасы Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык этабынын биринчи айлампасында Германия курамасын сенсациялык түрдө утуп алды.

Оюндун 33-мүнөтүндө Германиянын оюнчусу Илкай Гундоган пенальтиден гол киргизди.

75-мүнөттө япониялык футболчу Рицу Доандын аркасында командалар ортосундагы эсепти теңеди. 83 мүнөттө чабуулчу Такума Асано Япония курамасына жеңишти алып келди. Жолугушуу 2:1 эсебинде япондуктардын пайдасына аяктады.

Количество просмотров: 120