• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кызматынан бошотулган Кыргызстандын Катардагы элчиси ТИМге барат

19 Бирдин айы 2019 11:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.02.2019.Govori.TV.

Президенттин жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулган Ниязалиев Нуран Садырович ТИМге биринчи орун басар болуп келет. Бул тууралуу » Govori.TVга» өздүк булактар кабарлаган.

Ал эми ТИМдин биринчи орун басары Динара Кемелова Кыргызстандын Түштүк Кореядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган.

Эске салсак, бүгүн, 19-февралда Ниязалиев Нуран Садырович​ башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу​ Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулганы айтылган.

Количество просмотров: 8